"Мага простатит оорусу менен көп кайрылышат"- Роман Дадажанов.
30 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар жогорку категориядагы врач уролог-андролог Роман Дадажанов көптөрдүн алкышына ээ болгон инсан. Андан миңдеген жарандар дарыланып, дартына даба табышкан. Бул инсанга суроо узатып, кепке тарттык.
Сизге келген пациенттер кайсы оорунун түрү менен көп кайрылышууда?
Мен уролог-андролог болгондуктан мага простатит оорусу менен көп кайрылышат.
Мындан тышкары тукумсуздук жана уретрит дартына чалдыккандар да келишет.
Майда-барат оорууга дуушар болгондору деле бар.
Бирок эң негизгилери жогоруда аталган дарттар болууда.

Простатиттин келип чыгуунун себеби эмнеде?
Простатиттин келип чыгуусунун себептерин санай кетсем, аз кыймылдап бир ордунда отуруп иштегендик, суук тийгенден, экологиянын бузулушу, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар, узакка чейин жыныстык катнашта болбоо жана денедеги иммунитеттин начарлашы.
Простатиттин кайсы түрү менен көп кайрылышат?
Мага кайрылгандардын көпчүлүгү бактериалуу простатит менен жабыркагандар. Алар жыныстык жол менен ар кандай инфекцияларды жуктурушуп, жыйынтыгында бактериалдуу простатит дартынан чалдыгышат.
Простатитти алдын алуу үчүн кандай кеңеш бересиз?
Көп кыймылдаш керек. Жөө басуу зарыл. Чуркасаң андан да жакшы. Маалында тамактануу абзел. Стресстерден арылыш керек. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактануу кажет. Кыш мезгилинде иммунитети начарлаганда витаминдерди жеш керек. 15 жаштан кийин жок дегенде 2-3 жылда бир ар бир жигит андрологтун текшерүүсүнөн өтүп турушу зарыл. Анткени бул куракта эркек адамда гормоналдык өзгөрүүлөр болот.

"Адамдарга жалган үмүт берип, калп эле витаминдерди жазып бергим келбейт. Ачык айтканды туура көрөм"- Роман Дадажанов.
Оорусу айыкпаарын билген пациенттер бул кабарды кандай кабыл алат?
-Жакында эле бир үй-бүлө келди. Алар балалуу болгулары келишип, текшерүүдөн өтүштү. Жыйынтыгында бул үй-бүлө келечекте балалуу болууга кымындай да мүмкүнчүлүгү жок экени аныкталды. Диагнозун билүү максатта иш бөлмөмө аялы менен кирди. Күйөөсүнөн бир ооз сурадым, "аялыңдан эч нерсе жашырбайсыңбы, ачык эле айта берейинби"?-деп. Ал башын ийкей айта бериңиз деди. Аларга баарын түшүндүрүп бердим. Адамдардын басымдуу көпчүлүгү үй-бүлө курган соң балалуу болгулары келет эмеспи. Анан албетте балалуу болуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе экенин угушканда кайгырышат. Бирок мага алардын көпчүлүгү рахмат айтышат, ачык айтып жакшы түшүндүрүп бердиңиз деп. Адамдарга жалган үмүт берип, калп эле витаминдерди жазып бергим келбейт. Ачык айтканды туура көрөм.
"Медицина алсыз болгон дарттар болсо, колумдан келбейт деп сылык айтам"- Роман Дадажанов.
Өзүнүн диагнозу жөнүндө угуп жатып, сизге ачууланган пациенттер болду беле?
Менде андай нерсе болгон жок. Пациентке ар кандай ыкма менен диагнозун угузса болот. Бул эми дарыгердин жеке тактикасына байланыштуу. Медицина алсыз болгон дарттар болсо, колумдан келбейт деп сылык айтам. Бирок максималдуу түрдө дарылаганга аракет кылам. Билимим жетпей калса, Улуттук урология борборуна жиберем. Ал жактан керектүү кеңештерди алышат. Керек болсо профессорго жиберем. Кээ бир учурларда дарыгерлер чогулуп, коллегиалдуу чечим кабыл алыш керек болуп калат.

Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу биздеги урологтордун билим деңгээлине кандай баа бересиз?
Мактангандай болбоюн. Бирок бизге Астана, Алматыдан пациенттер келип турушат. Силерде урологтор жокбу деп сурасаң, Бишкекте жакшы карап, мыкты дарылай билесиңер дешет. Анын үстүнө казактар бизде дарылангандыгы үчүн кыргыз жарандарындай эле төлөшөт. Кошумча төлөм беришпейт.

Европа менен биздин жергиликтүү медицинанын айырмачылыгын эмнеде?
Союз маалында айырмачылыктар абдан чоң болчу. Азыр ал нерсе азайып баратат. Дарыканаларда Европанын дарылары сатылып жатпайбы. Биз деле алардын схемасындай кылып дарыларды жазып берүүдөбүз. Бирок Европада оорулууну дыкат текшерип, аябай тактап, анан антибиотиктердин топтомун беришет. Ошондой эле дарыгердин жазып берген кагазысыз дарыкана аспиринден башка даарыны сатпайт. Бизде болсо башаламан. Адамдар өздөрү билип эле ар кандай дарыларды сатып алып иче беришет. 2017-жылы жакшы мыйзам чыкты, дарыгердин жазган кагазысыз дарыканада антибиотиктер сатылбасын деген.
Интернет өнүккөн заман
Азыркы учурда скайп, WhatsApp дегенди колдонгондор көбөйдү. Аны эске алуу менен онлайн кеңеш берип келебиз. Мисалы, алыскы Баткенден пациент ооруп калса, скайп аркылуу кайрылып, ооруган жерин көрсөтөт. Ага карата биз тийштүү кеңештерди берип, кайсы анализдерди тапшыруу керектигин айтабыз. Андан соң анализдердин жыйынтыгын бизге скайптан же WhatsAppтан жиберет. Биз болсо ага дарыларды жазып беребиз. Анткени ооруканага келбей эле үйдөн интернет аркылуу дарыгерге көрүнсө болот. Эми бул нерсени мыйзам аркылуу бекемдеп, онлайн кеңеш берүүнү өнүктүрүш керек деген ойдомун. Бирок баардык эле дарттарды скайп аркылуу көрүп кеңеш бербейбиз. Айрым учурда пациентти чакырып, жакындан карап көрүшкө туура келет.

Сизге чет жактан онлайн кеңеш сурап кайрылгандар болду беле?
Биздин жарандар чет өлкөдө иштеп жүрүп ооруп калып, мага көп эле кайрылган учурлар болот. Мисалы, Бириккен Араб Эмираттары, Израиль, Германиядан кеңеш сурап кайрылган пациенттер бар. Бир жолу мага бир аскер адамы кайрылды. Ал океанда суу астындагы кемеде кызмат өтөйт экен. 3 айда бир кургактыкка чыгышарын айтат. Ал мага өзүнүн дарты тууралуу айтып берди. Ага кемеңерде эмне дарылар бар, көрсөтчү дедим. Аскер адамы дарыларды онлайн аркылуу көрсөттү. Анан ага кемеде бар дарылардан кураштырып дарылануунун схемасын жазып бердим. Жыйынтыгында ал айыгып, рахмат айтты. Мындан тышкары Россиянын алыскы аймактарынан да кеңеш сурап кайрылгандар бар. Алар өздөрүнүн урологуна барыш үчүн 300 км аралыкты жүрүшкө туура келет. Анын үстүнө, кезеке жазылып күтүш да керек. Ал адамдар мага онлайн кеңеш сурап кайрылышат. Жардамга муктаж адамга эмнеге кол сунбашыбыз керек?! Жардамымды эч кимден аябайм.
Интернет-технологиянын өнүгүшү менен медицинанын келечегин кандай элестетесиз?
Келечекте жогоруда айтып өткөндөй, онлайн кеңеш берүү өнүгөт. Андан тышкары жарандарыбыз дарыларды врачтын көрсөтмөсү менен үйүнөн эле заказ бере баштайт. Аларга керектүү дарыларды дрондор жеткирип барышат.

Уролог-андролог катары жигиттерге кандай кеңеш бересиз?
Мырзалар келечекте балалуу болом дешсе, анда сөзсүз түрдө уролог дарыгерге көрүнүүсү зарыл. Өзгөчө үйлөнөөрдүн алдында бир сыйра текшерилиш керек. Эгер кандайдыр бир инфекцияны жуктуруп алып жүрө берсе, үйлөнгөндөн кийин аялын да оорукчан кылат. Эң жакшысы, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактануу керек. Мындан тышкары жаман адаттардан тамеки чегүү, насывай атуу, ичкилик жана баңгизаттарынан алыс болушса. Булардын баары эркектин ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Эгер эркек адам өзүнөн кандайдыр бир ооруну байкаса, кечиктирбей дароо дарыгерге кайрылышы абзел. Баса белгилей кетейин, 100 пайыз кепилдик берип айыктырабыз деген лицензиясы жок урологторго барбагыла. Алар алдамчылар. Ден соолугуңарды талкалап эмне кыласыңар. Өзүнүн ишин мыкты билген урологторго гана кайрылгыла.

"Бишкек шаарындагы Республикалык дартты аныктоо борборунда иштейм. Ден соолугуна кайдыгер карабаган мырзалар келип көрүнүп кетсеңиздер болот. Мен эртең менен саат 09:00дөн түшкү 12ге чейин ииш ордумда болом"- Роман Дадажанов.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website